Токтогул районунун тургундары атайын райондук фонддун өлчөмүн жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө билдирди. Бул сунуш Жалал-Абад облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен район тургундарынын онлайн жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Жергиликтүү тургундар мурда суу алдында калган жерлерден кетип, суусу аз аймактарга көчүп келгендерин эске салышты. Учурда сугат суусуна байланыштуу маселелер толук чечилген эмес, бул калк үчүн оор шарттарды түзүүдө.

Азыркы фонд350 млн сом500 млн сом +43%

Тургундардын айтымында, инфляцияны эске алганда, «Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсептерин башкаруу боюнча дирекциясы» мекемесине бөлүнүп жаткан 70 миллион сомдук каражат менен олуттуу иштерди аткаруу мүмкүн эмес. Алар облус жетекчисине бюджетти 350 миллион сомдон 500 миллион сомго чейин көбөйтүүнү суранышты.

Токтогул райондук фондуна каражаттар «Электр станциялары» ААК тарабынан которулган компенсациялык төлөмдөрдүн эсебинен түшөт. Фонддун негизги багыттарынын бири ирригациялык системаны, суу менен камсыздоону жана жол инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат.