УюмЭскерүүлөр: 3

28-июлда Улуттук тарых музейинде Венгриялык географ, илим изилдөөчү Дьюла Принцтин 1906 жана 1909-жылдардагы Тянь-Шань тоолоруна болгон илимий экспедицияларын чагылдырган тарыхый документалдык көргөзмө салтанаттуу түрдө ачылды. Көргөзмөдө белгилүү изилдоочунун архивдик материалдары, сүрөттөрү жана илимий эмгектери сунушталат.

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги Улуттук тарых музейинде венгр окумуштуусу Дьюла Принцтин Тянь-Шань тоолоруна жасаган экспедицияларына арналган өзгөчө тарыхый-документалдык көргөзмөнү тартуулайт. Бул экспозиция эки өлкөнүн маданий байланыштарын бекемдөөгө жана конокторду ХХ кылымдын башындагы архивдик материалдар менен тааныштырууга багытталган.
Бул объект жөнүндө бир нерсе билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир Story ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.
Тянь-ШаньЖер
БишкекШаар