Бардык жаңылыктар: Ош технологиялык университети
Материалдар: 3

Ош Технологиялык Университетинде автоспециалисттер үчүн окуу мастерстуу ачылды
Ош Технологиялык Университетинде келечектеги автоспециалисттерди даярдоо үчүн окуу мастерстуу ачылды. Бул долбоорду Кытайдагы Changan Automobile Group компаниясы, Ош Технологиялык Университети жана Чунцин Профессионал Интеллектуалдык Инженерия колледж деген тараптардын кызматташуусу менен ишке ашырышты. Мастерстуу студенттерге заманбап унааларды тейлөө жана диагностикалоо боюнча практикалык билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Ош шаарындагы дарактарга 60тан ашык зыянкеч жана 58ден көп оорулар аныкталды
ОшТУнун илимпоздору 2024-жылы Ош шаарындагы жашыл өсүмдүктөрдүн абалын иликтеп, 60тан ашык зыянкеч курт-кумурскалар менен 58ден ашык ооруларды таап чыгышты. Алар шаардагы дарактарды химиялык препараттарды чектөө менен коргоо үчүн туруктуу фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешүүдө.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын алты долбоору Инновациялык фонддон грант алды
Бишкекте биринчи баскычтагы Академиялык инновациялык фонддун сынагынан ийгиликтүү өткөн алты субдолборду ишке ашыруу боюнча гранттык келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул долбоорлор жогорку билим берүүдө сапатты жогорулатууга жана инновацияларды киргизүүгө багытталган.








