Бардык жаңылыктар: Нурсултан Курманалы уулу
Материалдар: 5

Чиновник олимпиадалык спортчулардын ийгилигинин сырын атады: спорттук медицина жана фармакология
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу олимпиадаларда ийгиликке жетүү үчүн спорттук медицина менен фармакология чечүүчү мааниге ээ экенин билдирди. Ал дүйнөлүк деңгээлге жетүү үчүн заманбап медициналык комплекстерди курууну жана допингге каршы көзөмөлдү күчөтүүнү камтыган комплекстүү чечим зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстанда 2030-жылга чейин ар бир кичирайондо көчө тренажерлору орнотулат
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу 2030-жылга чейин өлкөнүн бардык шаарларындагы кичирайондордо жана айылдарда көчө тренажерлору жана универсалдуу спорт аянтчалары пайда болорун билдирди. Ал муну калкты активдүү жашоо образына тартуунун эң натыйжалуу жолу деп эсептейт.

Кыргызстанда жаракат алган спортчуларды колдоо жана эмгек стажын берүү мыйзамы талкууланууда
Кыргызстанда жаракат алып, улуттук курамадан чыгып калган спортчуларды социалдык жактан коргоо маселеси каралууда. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу жаңы токтомдун долбоору иштелип жатканын билдирди.

Австриялык адис-эксперлер Иссык-Көлдин кышкы спортту өнүктүрүү потенциалын баалайт
Кыргызстан жана Австриянын кышкы спорт түрлөрү боюнча академиясы «Snowsports Academy» бири-бири менен жакынкы келечекте тоо эңкейин инфраструктурасын өнүктүрүү, спортчуларды даярдоо жана спорттук билим берүүнү жакшыртуу боюнча кызматташууну талкуулашты. Ушул кызматташуунун кийинки этабы региондун потенциалын баалоо үчүн австриялык адис-эксперлердин Иссык-Көл облусуна сапары болот. Бул сапар Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча уюштурулууда.

Кыргызстандын курама командасына V Азия пара оюндарынын алдында мамлекеттик туу тапшырылды
Бишкекте 9-октябрда Японияда өтө турган V Азия пара оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасына мамлекеттик туу тапшыруу аземи болуп өттү. Тууну спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу пара жеңил атлетика боюнча спортчу Дастан Камчыбековго тапшырды.