Бүгүн, 9-октябрда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун өлкөнү Япониядагы V Азия пара оюндарында көрсөтө турган улуттук курама командага тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага агенттиктин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу катышып, мамлекеттик тууну курама команданын капитаны, пара жеңил атлетика боюнча спортчу Дастан Камчыбековго тапшырды.

Нурсултан Курманалы уулу сөз сүйлөп, спортчулардын кайраттуулугун, максатка умтулуусун жана эмгекчилдигин белгиледи. Ал спортчулар кыйынчылыктарды жеңип, алдына койгон максаттарына карай умтула берээрин айтты.

Курама команда мүчөлөрүнө ийгиликтүү чыгууларды, жогорку спорттук натыйжаларды жана эл аралык аренада өлкөнү татыктуу көрсөтүүнү каалайм.
Нурсултан Курманалы уулу, Спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары

Азия пара оюндары тууралуу

V Азия пара оюндары 2026-жылдын 18-октябрынан 24-октябрына чейин Жапониянын Айти-Нагоя шаарында өтөт.

Кыргызстанды аталган мелдеште 21 спортчу жети спорт түрү боюнча коргойт: пара пауэрлифтинг, пара таэквондо, пара сүзүү, бочча, пара жеңил атлетика, пара дзюдо жана пара стол тенниси.

Курама команда курамы

21спортчу
7спорт түрү
48делегация мүчөсү

Улуттук делегациянын курамына 48 киши кирет, анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар жана коштоп жүрүүчүлөр бар.

Азия пара оюндары төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, Азия өлкөлөрүнөн майыптыгы бар спортчуларды чогултат. Бул Паралимпиада оюндарынан кийинки майыптыгы бар спортчулар үчүн эң ири мультиспорттук мелдеш болуп саналат.