Материалдар: 2
Жогорку Кеңеш депутаттары өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы маселелерди көтөрүштү. Анын ичинде жашоо кварталдарындагы инфраструктуранын жоктугу, социалдык объектилердин абалы, ошондой эле айылдар башчыларынын статусу сыяктуу маанилүү темалар камтылган. Министрлер жана депутаттар кыргызстандын өнүгүшү боюнча маалымат берди.
Кыргызстан парламентинин депутаты Нурбек Сыдыгалиев Генпрокуратурага бир катар мамлекеттик кызматкерлердин инвесторлордон акча талап кылганы боюнча маалыматтарды текшерүүнү суранды. Анын айтымында, мамлекеттик бир катар жетекчилер туугандарын, жубайларын кен иштетүүчү ишканаларга жайгаштырууда жана инвесторлордон акча талап кылуу фактыларын байкоого болот.