Жогорку Кенештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев 25-июндагы жыйында инвесторлор менен байланышкан бир нече дооматтарды бөлүштү. Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер кээ бир кен иштетүүчү ишканаларда өздөрүнүн тааныштарын жана туугандарын ишке орноштуруп, алардан акча талабын койгон учурлар бар.
Депутат Генпрокуратуранын өкүлү Умуткан Конкубаевага кайрылып, бул маалыматтарды кылдат иликтөөнү суранды. Ал «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчисинин акчаларды алганы тууралуу маалыматтар бар экенин жана ал убактылуу кармалып, кийин бошотулганын эске салды.
Сыдыгалиев ошондой эле Мин-Куш шаарында иштеген Фархат Иминов деген мамлекеттик кызматкердин кытайлык компаниядан 2 миллион доллар талап кылганы тууралуу маалыматты прокуратурага берүүнү өтүндү. Бул компаниянын ээси президентке да кайрылган.
Депутат Иминов менен байланышкан компанияга акча которуулары тууралуу да маалыматка ээ экенин ж,bb берген, ал материалдарды Генпрокуратурага тапшырууну пландап жатат.
Фархат Иминов 2025-жылдын апрелинде Инвестициялар агенттигине директор болуп дайындалган, ал эми 2026-жылдын 9-июнунда Ошондой эле Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча Улуттук агенттиктин башчылык кызматын ээлеген.
Азыркы учурда Иминов же анын башкарып жаткан агенттиги депутаттын айткан дооматтарына расмий жооп берген жок.











