Материалдар: 4
Бишкекте Улуттук тарых музейинде Кыргызстан менен Япониянын Тэйкё университетинин илимий изилдөө институтунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Тараптар биргелешкен изилдөөлөрдү, реставрацияны жана кыргыз адистеринин стажировкаларын уюштурууну талкуулашты. Ошондой эле Япониянын археологиялык экспонаттарынан көргөзмө өткөрүү пландалууда.
Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин фондун улуу мамлекет жана коом ишмери Абдыкерим Сыдыковдун баалуу экспонаты толуктады. Бул аракет улуттук тарыхты сактоого жана келечек муундарга жеткирүүгө чоң салым кошту.
Беларусь Республикасынын министри Максим Рыженков Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында Улуттук тарых музейин зыярат кылды. Делегация музейдин Кыргыз элдин тарыхы жана маданиятына арналган экспозициялары менен таанышып чыкты.
Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Лянчжоу шаарынын байыркы маданиятына арналган санарип музей көргөзмөсү өз эшигин ачты. Көргөзмөдө салттуу экспозициялар заманбап технологиялар менен айкалышып, виртуалдык чындык аркылуу байыркы цивилизацияны таанууга мүмкүнчүлүк берилди. Ошондой эле, жетекчилер бирге Кыргызстандын тарыхый жана этнографиялык мурастары менен да таанышты.