4-июлда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Кытайдын Лянчжоу шаарынын байыркы маданиятын чагылдырган санарип музей көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кытай Мамлекеттик Кеңешинин басма сөз бөлүмүнүн башчысы Мо Гаои жана музейдин директору Назгүл Омурзакова катышты. Алар көргөзмөнүн экспонаттары менен жакындан таанышышты.

Көргөзмө салттуу музей формаларын заманбап санарип технологиялар менен айкалыштырып, археологиялык табылгаларды инновациялык методдор менен көрсөтүүдө. Виртуалдык чындык (VR) аркылуу коноктор Лянчжоу цивилизациясынын дүйнөсүнө виртуалдык саякат жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.