21-июлда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин Жолу» китебинин кыргызча басылмасынын расмий тааныштырылышы боло турганы маалымдалды.
Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, коомдук уюмдардын лидерлери, дипломатиялык кызматкерлер, илим менен маданият тармагындагы адистер, ошондой эле жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышат.
Бул китеп — эл аралык илимий-аналитикалык эмгек болуп, анда Шавкат Мирзиёев башында турган реформалардын масштабдуу таасирлери, анын саясий лидерликтин өзгөчөлүктөрү жана «Жаңы Өзбекстан» стратегиясы кароого алынган.

























