Материалдар: 1
Ош облусунун президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтт Хабиновски менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана аймактар аралык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле Ош облусу менен Монтана штатынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү демилгеси каралды.