Материалдар: 1
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал мурдагы «Чатыр-Күл» кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан маданий борборду жана Бишкектин Чыгыш айланма унаа жолун көрүп, жооптуу органдарга курулуш иштеринин сапатын камсыздоону жана мөөнөттөрдү сактоону тапшырды.