Материалдар: 1
Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев Биринчи радионун түз эфиринде билдиргендей, Кыргызстандагы кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи шамал электр станциясынын активдүү курулушу 2027-жылдын жазында башталат. Долбоорду «Росатом» корпорациясы ишке ашырууда, ал эми станция Балыкчы шаарына кире бериште, эко-посттун оң тарабындагы тоолуу аймакта жайгашат.