Материалдар: 2
Манас шаарында шаар аралык жүргүнчүлөр үчүн жаңы автобекет ачылып, бүгүнтөн баштап бардык шаар аралык маршруттук таксилер жана такси кызматтары ушул жаңы жайдан каттай баштады. Жаңы автобекет Көк-Арт районуна караштуу Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан жана заманбап талаптарга ылайык курулган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору Көк-Арт өрөөнүндөгү эс алуу жайларында рейд жүргүзүп, айлана-чөйрөнү булгаган фактыларды аныкташты. Жыйынтыгында сегиз объектиге эскертүү берилип, мыйзамсыз таштанды чогултуу жана саркынды сууларды төгүү үчүн айып пул салынды.