Манас шаарында Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан жаңы автобекет ишке кирди. Бул объект Көк-Арт кичи районунда жана 2,2 гектар аянтты ээлейт.

Жаңы автобекет шаар аралык жүргүнчүлөр үчүн бардык керектүү шарттар менен камсыздалган. Пассажирлердин ыңгайлуулугу үчүн күтүүгө ылайыктуу жайлар түзүлгөн, ошондой эле коомдук транспорттук жана жеңил унаалар үчүн өзүнчө жайлар бар.

Бул автобекеттен күнүнө шаар аралык 53 багыт боюнча 450дөн ашык каттам аткарылат. Бүгүнтөн баштап, ушул жерден бардык шаар аралык маршруттук таксилер жана такси кызматтары каттамдарын башташат.

Мэриянын маалыматына караганда, эски автобекеттин ордуна 750 орундуу заманбап мектеп куруу үчүн багыттар каралууда.