Материалдар: 3
Кыргызстанда сейсмикалык активдүүлүк жогорулап, август айынан бери тогузунчу жолу жер титирөө катталды. Бирок сейсмологдор бул абалдан коркуунун кажети жок экенин айтышууда.
Кыргыстанда 12-13-август күндөрү бир сутка ичинде 5 баллга жеткен эки жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун жетекчиси Канатбек Абдрахматов бул көрүнүш кичи масштабдагы сейсмикалык активдүүлүк болуп, өлкөнү тынчсызданууга негиз жоктугун түшүндүрдү.
Сейсмолог Канатбек Абдрахматов Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Борбор Азия өлкөлөрүн күчтүү жер титирөөлөргө даярдыкты күчөтүү керектиги тууралуу билдирүүсү жакынкы коркунучту билдирбейт деп түшүндүрдү. Ал Кыргызстанда жакынкы арада күчтүү сейсмикалык окуя болот деген ушактарды жокко чыгарды.