Бардык жаңылыктар: Аслан Мусабеков
Материалдар: 4

Кыргызстанда фермерлер үчүн 40го жакын машина-трактор станциялары түзүлдү
Экономика жана коммерция министрлигиндеги маалыматка ылайык, өлкөдө дыйканчылар жер иштетүү жана түшүм жыйноо үчүн техниканы ижарага алса боло турган 40га жакын машина-трактор станциясы түзүлгөн.
Экономика жыл сайын 8-10% өссө, Кыргызстандын ИДП 2030-жылга чейин 30 млрд доллардан ашат
Экономикалык өсүш жылдык 8-10% деңгээлинде сакталса, Кыргызстандын Ички дүң продуктусу 2030-жылга карата 30 миллиард доллардан ашык өлчөмгө жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Аслан Мусабеков билдирди.
Экономика министрлиги 2030-жылга чейинки Улуттук программанын 670 иш-чарасынын аткарылышын көзөмөлдөйт
Экономика жана коммерция министрлиги 2030-жылга чейинки өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын алкагында пландаштырылган 670 иш-чаранын жүрүшүн мониторингдөөдө. Мамлекеттик органдардын иши этап-этабы менен бааланып, жыйынтыктар 2026-жылдын аягында чыгарылат.
Экономика министрлиги: 2030-жылга чейинки стратегия алкагында 10 айда 87 ишкана ишке киргизилди
2026-жылдын январь-октябрь айлары аралыгында Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруунун алкагында 87 жаңы ишкана өз ишин баштады. Экономика министрлиги жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү жана чийки затты өлкө ичинде кайра иштетүү артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.