Министрлик билдиргендей, 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды. Бул макам ээлерине Кыргызстандын жарандары менен бирдей социалдык кепилдиктер берилет.

Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кыргызстанга 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келип, алардын 70 миңге жакыны өлкөнүн жарандыгын алган.

Кайрылман макамы атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан ыйгарылат. Комиссиянын курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү кирет. Өтүнмөлөрдү кароо мөөнөтү үч айды түзөт.

Кайрылмандардын келген өлкөлөрү

351Тажикстан
16Өзбекстан
10Кытай
5Орусия
1Ооганстан
4Башка өлкөлөр

Мыйзамга ылайык, кайрылмандарга социалдык жөлөкпулдар, пенсиялар, медициналык-санитардык жардам, билим алуу жана Кыргызстандын аймагында ишке орношуу укуктары каралган, алар иш жүзүндө республиканын жарандарынын укуктарына теңештирилген.

Кайрылман күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Бул мөөнөт ичинде макам ээлери Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз менен кайрылышы керек.