Vesti.kg басылмасынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы жылдардагы эң пайдалуу жана кызыктуу билим берүү демилгелеринин бири старт алды. Бул долбоор диний чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн арналган.
Кыргызстанда 5 миңден ашык имам жана медресе мугалимдери каржылык сабаттуулукка, IT көндүмдөрүнө үйрөтүлөт
Кыргызстанда диний кызматкерлер үчүн масштабдуу билим берүү долбоору башталды. Анын алкагында 5 миңден ашык имамдар, медресе мугалимдери жана окуучулары каржылык сабаттуулукка жана заманбап IT көндүмдөрүнө акысыз окутулат. Долбоорду белгилүү финансист Данияр Назаралиев демилгелеп, бардык чыгымдарын өз мойнуна алды.
