Каржы министрлиги 30-октябрда жаңы бааны жарыялады. Буга чейин бекитилген республикалык бюджетте Соцфонддун кирешелери республикалык бюджеттен трансферттерди эсепке албаганда 91 млрд сом деп бааланган. Такталган божомол боюнча фонддун киреше бөлүгү 108,2 млрд сомго жетет.
Кирешелердин беренелери боюнча тактоо берилген жок
Каржы министрлиги Соцфонддун кирешелерин берене-беренеге бөлүп көрсөткөн жок. Бирок жыл сайын дээрлик бардык көлөмдү иш берүүчүлөр кызматкерлердин эмгек акысынан төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.
2026-жылга Соцфонддун кирешелери
Трансферттердин планы да көбөйдү
Каржы министрлиги ошондой эле 2026-жылга Соцфондго республикалык бюджеттен трансферттердин планын дээрлик 5% көтөрдү: 46,7 млрд сомдон 48,8 млрд сомго чейин.





