Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Номад ТВ» телеканалынын башкы редактору Наталья Кролевичти «Маданият отличниги» наамы менен сыйлады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бул сыйлык маданият тармагындагы эмгектери үчүн ыйгарылды.

Ошондой эле, «Номад ТВ» командасынын бир нече өкүлүнө ыраазычылык каттар тапшырылды: телеоператор Рустам Садыков, журналисттер Кундуз Кадатаева, Дарья Веселая жана продюсер Толкун Камчыбекова.