Журналист Эрнис Кыяз Фейсбук баракчасы аркылуу милиция кызматкери ага телефон чалып, онунчу башкармалыкка маекке чакырганын билдирди.
Анын айтымында, кызматкер аны "жөн эле" чакырып жатканын, кээ бир маалыматтарды тактагысы келгенин түшүндүргөн.
Эрнис Кыяз милиция имаратына барууга ниети жок экенин айтып, нейтралдуу жерде жолугушууну сунуштаган. Натыйжада кызматкерлер ал көрсөткөн дарекке келүүгө макул болушкан.
Акыркы убактагы ишмердүүлүгү
Акыркы мезгилде Эрнис Кыяз ар кандай темалардагы, анын ичинде саясий подкасттарды алып барат. Жакында эле ал президенттикке талапкер Сыймык Жапыкеев менен маек жарыялады. Мындан тышкары, түрмөдөн чыккандан кийин саясатка кайтууну көздөп жатканын билдирген ырчы, жарандык активист Аскат Жетиген менен да маектешкен. Буга чейин саясатчы Адахан Мадумаров менен да сүйлөшкөн.





















