27-ноябрда өткөн жыйында Жогорку Кеңештин «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобу ЖРТны өткөрүү тартиби боюнча маселелерди карашты. Анда Агартуу министрлигинин жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү тестирлөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, быйыл мектепти 80 819 окуучу бүтүрүп, алардын 69 467и ЖРТ тапшырган. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева бүтүрүүчүлөргө тестирлөөнү эки жолу тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Программа менен тесттин ортосундагы айырмачылыктар

Депутаттар мектептеги окутуу программасы менен тесттик тапшырмалардын бири-бирине дал келбегендигин айтып келишти. Бул жагдай ата-энелерди балдарын кошумча даярдоо курстарына берүүгө аргасыз кылып жатканын белгилешти. Ошондой эле кыргыз тили боюнча тапшырмалардын өтө татаалдыгы жана тесттин жыйынтыктарын бардык жогорку окуу жайларынын таануу маселеси көтөрүлдү.

17борбордогу кызматкерлер
300+адис
3744өтүүгө 10 балл жетпей калган бүтүрүүчүлөр

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, борбордо 17 кызматкер эмгектенет, ал эми тапшырмаларды түзүү үчүн 300дөн ашык адис тартылат. Өтүү босогосун аша албай калган окуучулардын саны да белгилүү.