Бишкектеги Первомай райондук соту 13-июлда мурдагы депутат Шайырбек Ташиевдин камак мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим кабыл алды. Ал СИЗО-1де 16-сентябрга чейин калтырылат.

Ташиевге Кыргызстан УКу боюнча 336-берененин 1-бөлүгү — "Коррупция" беренеси менен айып коюлду. Мурдагы депутатка карата козголгон кылмыш иши «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясындагы коррупциялык схема менен байланыштуу.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Ташиев 1-апрелде кармалган болчу. Тергөөнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 4 миллиард 100 миллион сомдон ашык, ага экономикалык чыгымдар жана төлөнбөгөн салык кирет.

Ранее по теме