Kaktus.media басылмасынын булактары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО) жеткирилбегенин билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, Ташиев-кенже СИЗО-1де бир күн да болгон эмес. Ал ушул убакка чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) Убактылуу кармоочу жайында (ИВС) кармалып турат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Kaktus.media басылмасына Шаирбек Ташиевди караган тергөө органдарына кайрылуу керектигин билдирди. Өз кезегинде Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөө астындагы Шаирбек Ташиев менен тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, ал СИЗОго этапталган эмес, бирок убактылуу ИВСте кармалып жатканын айтты.

Эске сала кетсек, 1-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомундагы коррупциялык схеманы иликтөөнүн алкагында кармалган.

Мамлекетке келтирилген алдын ала зыян 4,1 миллиард сомдон ашык деп бааланат. Бул суммага жоголгон пайда жана төлөнбөгөн салыктар кирет деп министрлик тактады.

ИИМ Шаирбек Ташиев тарабынан мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө ордуна келтирилиши керектигин билдирди.