Бишкек шаарынын 6-микрорайонундагы Березалык токойду курулуш объектилеринен коргоо максатында аны курулушка жабык аймак катары жарыялоо сунушталды. Бул демилге жашыл зоналарды сактап калууга багытталган.

Жогорку Кенештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети депутат Дастан Бекешевдин жашыл аймактарды коргоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алды. Сунушталган документтин негизги максаты — парктардын жана скверлердин аянтын азайтууга жол бербөө жана дарактарды мыйзамсыз кыюу үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу.

Талкуу учурунда депутат Мирлан Жээнчороев Ататүрок паркынын аянтынын азайганын эске салды.

Ататүрок паркынын аянтынын өзгөрүшү

110гектар (мурда)
70гектар (азыр)