Үргөн районунун Большевик айылында Зергербай Ибраимовдун атындагы мини-футбол аянтынын курулушу аяктап, ал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө билдиришти.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Үргөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Каныбек Апбазов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Каржылоо булактары

Объекттин жалпы сметалык наркы: 13 979 418 сом

10 000 000Ош облустук өнүктүрүү фондунан
979 418жергиликтүү бюджеттен
3 000 000жергиликтүү коомчулуктун салымы

Спорт объектисинин курулушуна жергиликтүү бюджет, облустук фонд жана айыл тургундарынын кошкон салымы менен каражат жумшалган.