Жогорку Кенештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети юрист Адилет Меркановдун депутат Айсаракан Абдибаеванын мандатын кайтарып алуу жөнүндөгү арызына расмий жооп берди.

СторисПарламент Абдибаеванын мандатын жокко чыгаруудан баш тарттыСлайддар: 6
  1. Парламент Абдибаеванын мандатын жокко чыгаруудан баш тартты
  2. Эмне болду. Жогорку Кенештин комитети юрист Адилет Меркановдун депутат Айсаракан Абдибаеванын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арызына жооп берди.
  3. Негизги себеп. Учурдагы конституциялык мыйзамдарда депутаттык мандатты кайтарып алуунун тартиби жана укуктук механизми жөнгө салынган эмес.
  4. Комитеттин маанилүү жыйынтыктары: Петиция аркылуу чогултулган колтоктор мандатты жокко чыгаруу үчүн жетиштүү эмес; Регламенттин 136-беренеси ички процедураны гана аныктайт
  5. «Регламенттик мыйзам депутаттык мандатты кайтарып алуунун укуктук механизмин камсыз кылышы керек эле.» — Адилет Мерканов
  6. Андан ары эмне болот. Адилет Мерканов парламентдин чечими менен макул эмес жана атайын комиссия түзүлүшү керек деп эсептейт.

Юристтин айтымында, ага келген катта Абдибаеванын мандатын жокко чыгаруу мүмкүн эмес экени көрсөтүлгөн. Парламенттин комитети «Жогорку Кенештин регламенти жөнүндө» Мыйзамдын 136-беренеси депутаттык мандатты кайтарып алуу боюнча сунуштарды кароонун ички процедурасын гана аныктай турганын белгилеген.

Бирок, бүгүнкү күндө депутаттык мандатты кайтарып алуунун тартиби, шарттары жана укуктук механизми конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салынган эмес.
Жогорку Кенештин комитетинин жообу

Мындан тышкары, парламент электрондук петиция аркылуу чогултулган колтоктор депутаттык мандатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү укуктук негиз болуп эсептелбейт деп билдирди.

Адилет Мерканов комитеттин чечими менен макул эмес. Анын пикири боюнча, регламенттик мыйзам депутаттык мандатты кайтарып алуунун укуктук механизмин камсыз кылышы керек эле. Юрист парламентдин арызга жооп берип, атайын комиссия түзүп, анын жыйынына арыз ээсин чакыруусу тийиш болчу деп эсептейт.