Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери Жети-Өгүз районундагы рейд учурунда сейрек кездешүүчү жаныбарлардын видеосун тартып алышты. Видеого тоо эчкилери жана Марко Поло архарларынын чоң тобу түшкөн.

Адистердин пикири боюнча, азыркы учурда аталган аймакта жаныбарлардын популяциясы табигый түрдө көбөлөйүү тенденциясын көрсөтүүдө. Бул жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана аларды коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасы болуп саналат.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаныбарлардын санын көбөйүү — биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу жана экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү көрсөткүч болуп эсептелет.