Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерди (ЖИ) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мурда берилген кагаз түрүндөгү күбөлүктөрдү толугу менен санариптештирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Эми ишкерлер Салык төлөөчүнүн кабинетинен мурда берилген кагаз күбөлүктөрүнүн электрондук версиясын каалаган убакта өз алдынча жүктөп алса болот. Ал үчүн салык төлөөчү cabinet.salyk.kg сайтына кирип, башкы беттеги “Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр” бөлүмүн тандап, документти жүктөп алышы жетиштүү.
Бул кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында, күбөлүк жоголгон учурда аны жоготкондугу тууралуу жарыя берүүнүн кажети жок. Мурда, эгерде каттоо картасы же күбөлүк жоголсо, ишкер расмий басма сөзгө документтин жоголгондугу жана жараксыз деп табылгандыгы тууралуу жарыя жарыялоого милдеттүү болгон.
Зарыл болгон учурда электрондук күбөлүктү каалаган убакта басып чыгарууга болот. Аны алуу үчүн эч кандай кошумча жол-жоболордон өтүүнүн же жоготуу жөнүндө жарыялоонун кереги жок.
Бул кызматты ишке киргизүү жарандардын салык органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө, ишкерлердин убактысын жана чыгымдарын кыскартууга, ошондой эле мамлекеттик санариптик кызматтарды андан ары өнүктүрүүгө багытталган.














