Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 69 жаш курагындагы туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, түгөнгүс энергия жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө мындан ары да ийгиликтерди каалады.
Кыргызстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды белгиледи. Бул реформалар өзбек элинин жашоо деңгээлин жакшыртууга өбөлгө түзүп жатканын айтты.
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге эки тараптуу демилгелерди жеке колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, анын Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү ролун баса белгиледи.
Мамлекет башчысы 21-июлда Бишкекте «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу» китебинин кыргыз тилиндеги басылмасынын ийгиликтүү бет ачары өткөнүн канааттануу менен белгиледи. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрү катышкан.





