Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарымында жалпы 348 сел учуру катталды. Бул кырсыктардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы 78 пайызы өлкөнүн түштүк аймактарында болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсыктын кесепеттери

8каза болгондор
3жаракат алгандар
236эвакуацияланган тургундар

Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Темирбек уулунун айтымында, быйыл селдердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топ көбөйгөн. 2025-жылдын алгачкы алты айында болжол менен 70 сел катталып, быйылкы көрсөткүчтөн беш эсе аз болчу.

Жаратылыш кырсыктары 2 484 объектиге зыян келтирген, анын ичинде 180ге жакын турак үй, 100 километрден ашык жол, 45 көпүрө жана 55 электр чубалгысынын таянычтары бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, материалдык чыгым 399,9 миллион сомду түзгөн.

Селдин коркунуч деңгээлдери

Кубаныч Темирбек уулу селдер суу агымынын көлөмүнө жараша төрт коркунуч деңгээлине бөлүнөрүн түшүндүрдү:

  • Биринчи категорияга секундасына 1000 куб метрден ашык суу агымы бар эң күчтүү селдер кирет.
  • Экинчи категорияга секундасына 100дөн 1000 куб метрге чейинки агымы бар селдер кирет.