Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыйын учурунда министрлер Уюмдун алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты, ошондой эле мамлекет башчыларынын кароосуна коюла турган документтердин долбоорлорун карап чыгышты.
Өз сөзүндө Жээнбек Кулубаев түрк тарапка иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптешин улуттук майрам – Республика күнү менен куттуктады.
Министр ТМУнун институттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөнүн жана түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо ротация принцибин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргыз тарап Уюмду мындан ары бекемдөөгө, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууну камсыздоого умтуларын ырастады.
Жыйынтыгында министрлер мамлекет башчыларынын кеңеши үчүн чечимдердин долбоорлорун карап чыгып, жактырышты.



























