Биринчи радионун эфиринде Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев ВИЭ электр станцияларын курууга инвесторлорго документтерди даярдоого 18 ай убакыт берилерин айтты. Бул мөөнөт келишимге кол коюлган учурдан тартып эсептелет.

Орозбаевдин айтымында, ушул мөөнөттүн ичинде инвесторлор Курулуш министрлигинен корутунду алып, андан соң курулушка киришет. Ал эгерде жумуштар аткарылбаса, фонд келишимди бир тараптуу тартипте бузуп, жерди башка инвесторго берерин баса белгиледи.

Орозбаев ошондой эле жер инвесторго сатылбай турганын, ал ижарага берилерин жана ижара төлөмдөрү түздөн-түз мамлекеттик бюджетке түшөрүн кошумчалады.

Инвесторлорго ВИЭ электр станцияларын курууга документтерди даярдоого келишимге кол коюлгандан тартып 18 ай берилет.
Эмилбек Орозбаев, Жашыл энергетика фондунун директору

Фонд чет өлкөлүк потенциалдуу инвесторлордун кесиптик тажрыйбасын жана ишкердик репутациясын текшерет. Бул үчүн Тышкы иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурамдар жөнөтүлөт.

Аткарылган иштер

84долбоорлордун саны
9кайтарылган жер участоктору

Орозбаев бир нече инвесторго жашыл энергетика долбоорлору үчүн мурда берилген 84 долбоордун ичинен 9 жер участогу мамлекетке кайтарылганын маалымдады. Жакынкы арада бул участоктор боюнча аукциондор өткөрүү пландалууда.