Баткен облусунда өткөн Жогорку Кенештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маданият боюнча комитетинин чыгуучу жыйынында мектептердеги тамактанууну уюштуруу маселелери каралды.

Депутат Токтобубу Ашымбаева каражаттын жетишсиздигинен улам балдардын рациону начар болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, балдарга темир, кальций, цинк жана башка маанилүү минералдар жетишпей жатат.

2021-жылы ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, балдардын 47 пайызында темирдин жетишсиздиги байкалган, ал эми 20 пайызы анемиядан жабырган. Бул мектептеги тамактануу менен гана чектелбейт, бирок мамлекет балдардын рационуна көңүл бурушу керек. Мектептерде менюну карасак, эки күн компот, үч күн кант кошулган чай берилет. Таттуу ичимдиктер көп болгондуктан, диабет менен ооруган балдардын саны өсүп жатат.
Токтобубу Ашымбаева, депутат

Билим берүү министрлигинин орун басары Мухтарбек Баймурзаевдин маалыматы боюнча, 2006-жылдан бери 1-4-класстар республикалык бюджеттин эсебинен ысык тамак менен камсыз болуп келет.

Бир күндүк тамактын баасы7 сом14 сом +100%

Президенттин жарлыгына жана Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2027-жылдын январь айынан баштап тамакка бөлүнө турган каражат 40 сомго чейин көтөрүлөт.

615 417бала
1,5 млрдсом (акча эквиваленти