Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунан билдиришкендей, лаборатория адам организминдеги коргошундан тышкары башка уулуу металлдарды да так аныктоого мүмкүндүк берет. Бул Кыргызстандын лабораториялык көзөмөл системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам.
Лаборатория Улуттук коомдук саламаттык институтунун (УКСИ) базасында түзүлүүдө жана заманбап индуктивдүү байланышкан плазмалуу масс-спектрометр (ICP-MS) менен жабдылган.
Изилдөөлөрдүн багыттары
Лабораториянын артыкчылыктуу багыты — кандагы коргошун жана башка кооптуу металлдардын деңгээлин аныктоо. Бирок жабдуулар аларды биоматериалдардан гана эмес, курчап турган чөйрөнүн объекттеринен да табууга мүмкүндүк берет. Ишке киргенден кийин мындай анализдерди Кыргызстанда эле жүргүзсө болот.
Лабораторияны түзүү
Лабораторияны түзүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана «Экоис-Бишкек» коомдук бирикмесинин катышуусунда 2023-жылдан бери ишке ашырылып жаткан «Коргошундун таасирин төмөндөтүү үчүн саламаттыкты сактоо системаларын күчөтүү» долбоорунун аркасында мүмкүн болду.
Долбоордун алкагында Кыргызстанга кымбат лабораториялык жабдуулар сатылып алынып жеткирилди, атайын жай даярдалды жана жогорку сезгич аспап менен иштөө үчүн зарыл шарттар түзүлдү. Тиешелүү документтер жана уруксаттар да бүтүрүлдү.
Улуттук коомдук саламаттык институтунун кызматкерлери мындай жабдуулар менен иштөө боюнча билимге жана көндүмгө ээ.






















