Президент Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмоновго чет өлкөдө дарылануусу зарыл болгон эки жашар кызга керектүү көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Бул маселе мамлекет башчысынын Токмок шаары, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Көмөк көрсөтүңүздөр. Эгерде каражатыңыздар жок болсо, бюджеттен сураныңыздар.
Садыр Жапаров

Жолугушуу учурунда Чүй районунун Арпа-Тектир айылынын тургуну өз кызынын дарылануусуна көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен президентке кайрылган.

Айымдын айтымында, эки жашар кыз өз алдынча отура албайт жана жүрө албайт. Мурда кыздын башынан үч жолу операция жасалган, учурда ал шунттоло турган түзүлүштү колдонуп жатат. Бирок бул аппаратты жөндөө үчүн керектүү программатор Кыргызстанда жок болгондуктан, аны Москвадан алып келишкен.

Ошондой эле аял күйөөсү «Сахарово» борборуна баргандан кийин жоголуп кеткенин билдирген. Азыркы учурда кызды Кытайга дарыланууга алып баруу керек жана бул үчүн каражат чогултуу башталган.