Ысык-Көлдө уюштурулган F1H2O квалификациялык жарыштары ийгиликтүү аяктап, биринчи жеңүүчүлөрү белгилүү болду.

Үч жолу дүйнө чемпиону болгон Юнас Андерссон (Швеция) жана төрт жолу дүйнө чемпиону Шон Торренте (АКШ) квалификацияда алдыңкы орундарды ээлешти.

Суунун Формула-1и боюнча Кыргызстандагы Гран-принин негизги жарыштары 2-августта өтүп, дүйнөнүн мыктылары күчүн сынашат.