Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларды аныктоо максатында рейддик иш-чаралар улантылууда.

Видео: Nomad

Балыкчы шаарындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүү учурунда чоң суммада айып пул төлөбөгөн айдоочуну аныкташты.

215 000 сом айып пулдын суммасы

Айдоочунын төлөй элек калган карызы

Мыйзам талаптарына ылайык, айдоочунун автоунаасы айып пул токтотуучу жайга коюлду.