Ысык-Көл облусунда 13-августта түнкү саат 2:49 чамасында жер титирөө болду. Бул окуянын очогу Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү MSK-64 шкаласында 3,5 баллга чейин жеткен.

Кара-Сай айылында жер титирөө болжол менен 2,5 баллдай сезилгени билдирилди. Себептүү кыйроолор же жабыркагандар тууралуу азырынча маалыматы жок.