Кыргызстанда жаңы китеп жарыяланды — «Манас жана Хатто: Көкөтөйдүн ашы». Ал эпос «Манастын» белгилүү бир бөлүгүн жана аны иликтеген британ окумуштуусу Артур Томас Хаттонун эмгегин камтыйт.
Кыргызстанда Артур Хаттонун «Манас» эпосуна арналган изилдөөсү жарык көрдү
Кыргызстанда белгилүү эпос «Манас» боюнча британ окумуштуусу Артур Томас Хатто жазган изилдөөнүн негизинде «Манас жана Хатто: Көкөтөйдүн ашы» аттуу жаңы китеп жарык көрдү. Бул чыгарманы эл арасында кеңири белгилүү эпизодго арнап иштелип чыккан.
