Иссык-Кул облусунда, Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосунда, дарыянын деңгээли көтөрүлүп, катуу суу агымы жыгач көпүрөнү жулуп кетти.

Натыйжада, 8 чет элдик турист менен бирге 4 жеңил унаа көпүрөдөн өтө албай, ал жакта калтырылды.

Туристтердин ден соолугуна коркунуч жок, алар жергиликтүү чабандын үйүндө убактылуу жайгаштырылды жана алардын коопсуздугу камсыздалууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен милиция окуя болгон жерге шашылыш барып, кырдаалды көзөмөлгө алууда.