Мамлекеттик карыздын жүгү 2028-жылы эң жогорку деңгээлге жетет деп күтүлүүдө. Бул жылга мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 149,8 миллиард сом керек болот. Мындай жыйынтык мурда алынган ички жана тышкы карыздарды төлөө графигине байланыштуу.
Финансы министри Руслан Суйуналиевдин айтымында, 2027-жылы карызды тейлөөгө 135,2 миллиард сом каралган. Анын ичинен негизги сумманы төлөөгө 80,3 миллиард сом, ал эми пайыздарын төлөөгө 54,9 миллиард сом жумшалат.
Пик долговой нагрузки приходится на 2028 год. Это связано с тем, что по графику платежей по ранее привлеченным внешним и внутренним займам на этот год приходится больший объем погашения основного долга и процентов
Карыздын төлөө мөөнөттөрү жана суммалары
2028-жылы карыздарды төлөөдө тышкы жана ички карыздардын үлүшү төмөндөгүдөй болот:
2028-жылдагы төлөмдөр
Ал эми 2029-жылы карызды тейлөөгө кетүүчү чыгымдар 144,5 миллиард сомго чейин азаят. Мында негизги сумманы төлөөгө 93 миллиард сом, пайыздарга болсо 51,5 миллиард сом жумшалат.
Мамлекеттик карызды тейлөөгө кетүүчү чыгымдардын динамикасы
Финансы министрлиги
| 2026-жыл | 95,7 млрд сом |
|---|---|
| 2027-жыл | 135,2 млрд сом |
| 2028-жыл | 149,8 млрд сом |
| 2029-жыл | 144,5 млрд сом |








