Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери үчүн медициналык кызмат көрсөтүүчү жаңы мекеме ишке кирди. Бул поликлиника ӨКМга караштуу кырсыктар медицинасы кызматынын базасында түзүлдү деп ведомстводан билдиришти.

Медициналык борбор эки негизги багыт боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштурду: амбулатордук-консультативдик жана диагностикалык блок.

Амбулатордук-консультативдик блок

  • терапевт
  • кардиолог
  • хирург-уролог
  • травматолог
  • гинеколог
  • функционалдык диагностика дарыгери
  • офтальмолог
  • дерматолог
  • невролог
  • стоматолог
  • оториноларинголог (ЛОР)

Диагностикалык блок

Бул бөлүмдө бейтаптардын ден соолугун текшерүү жана ооруларды аныктоо үчүн төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • Клиникалык-лабораториялык диагностика: ден соолукту баалоо жана ар кандай ооруларды аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү
  • Ультраүнүндик диагностика (УЗИ): заманбап жабдыктарды колдонуу менен ички органдарды жана организм системаларын текшерүү