Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынан үч эгиз бала бүгүн үйүнө чыгарылды. Бул окуя Узген районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Кель айылынын тургуну менен байланыштуу.
Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө ылайык, 1995-жылы туулган Упол Нажи кызы 3-ноябрда эки кыз жана бир уул төрөткөн. Эненин мурда дагы бир кызы бар экени белгиленди.
Төрөлгөн ымыркайлар кош бойлуулуктун 34-жумасында дүйнөгө келген. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон, учурда алардын абалы туруктуу.
50 000 сом жардам
Үч эгиз балалуу үй-бүлөгө берилген акчалай жардамдын өлчөмү
Балдарды үйүнө чыгаруу аземде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Винера Раимбачаева жана оорукананын директору Атабек Джумалиев катышты. Раимбачаева ыйгарым укуктуу өкүлчүлүнүн Аманкан Кенжебаевдин атынан жаңы ата-энелерди куттуктап, 50 миң сомдук акчалай жардамды жана белектерди тапшырды.















