Узген районунун тургуну 31 жаштагы Упол Нажи кызы 34 жумалык кош бойлуулук мөөнөтүндө эки кыз жана бир уул төрөттү. Акыркы үч балалуу төрөт 3-ноябрда болгон. Наристелердин абалы туруктуу экенин жана алар медициналык көзөмөлдөн өткөнүн президенттин ыкчам өкүлүнүн представительствасы билдирди.
Бүгүн наристелерди үйүнө жөнөтүү учурунда президенттин ыкчам өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева катышты. Жаңы төрөлгөн наристелердин үй-бүлөсүнө 50 миң сом жана белектер берилди.
Тогуз ай ичиндеги көрсөткүчтөр
Ош облустук бирдик клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында бул мезгил ичинде жалпысынан 6 миңге жакын бала дүйнө көрүп, көп балалуу үй-бүлөлөр катталган.
50 000 сом үй-бүлөгө берилген жардам
Президенттин ыкчам өкүлүнүн атынан жаңы төрөлгөн наристелердин үй-бүлөсүнө берилди.











