Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 6-июлда төрөлгөн тройнянын энеси Жаркынай Алмаматовага президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн белектер тапшырылды.

Жаркынай Алмаматова Орто-Азия айылынын тургуну. Ал 34 жашта жана бул анын төртүнчү баласы. Мурун эки кыз жана бир уул табган.

Тройня 6-июлда кесарево жолу менен дүйнөгө келди. Балдардын ичинен эки кыз жана бир уул төрөлдү. Алгачкы оор абалдан соң 15-июлда балдар кувездерден чыгарылып, эненин колуна берилди.

Ранее по темеСузактагы тройнянын апасына президенттин өкүлчүлүгүнөн белектер берилди

Манас шаарындагы областтык төрөт үйүнүн кызматкери Рахат Изабекова балдардын төрөлгөн кездеги салмактарын билдирди — биринчисинин салмагы 1800 грамм, экинчиси 2200 грамм, ал эми уулдун салмагы 2400 грамм.

Балдар менен эне атайын палатада толук көзөмөлдө кармалып, учурда алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Жаркынай Алмаматова 13-жумасында эле тройня төрөлөрүн билген.