2026-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө жүктөрдү ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине карата 8,9%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде, тактап айтканда, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында жүктөрдү ташуу көрсөткүчү 14%га өскөнүн эске алсак, азыркы жылдагы өсүү динамикасы жайлаган.

53,5млн тонна
8,9%өсүш көрсөткүчү

Сентябрь айындагы көрсөткүчтөр

Сентябрь айында жүктөрдү ташуу өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 1,6%га көбүрөөк болду. Бирок, август айындагы көрсөткүч менен салыштырганда, жүктөрдү ташуу көлөмү 7,3%га төмөндөгөн.

Ал эми өткөн жылы, 2025-жылдын сентябрында жүктөрдү ташуу динамикасы башкача болгон: анда көрсөткүч 2024-жылдын сентябына карата 16,5%га, ал эми август айына салыштырмалуу 41%га жогорулаган.