Бул тууралуу Улуттук банктын киберкоопсуздук жана маалыматты коргоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Карабаев брифингде билдирди. Ал белгилегендей, жаңы система алдамчылык фактылары боюнча жалпы базаны түзүүгө мүмкүндүк берет.
Системага финансы секторунун бардык катышуучулары, байланыш операторлору жана укук коргоо органдары кошулат. Анда алдамчылык учурлары боюнча жалпы база түзүлөт.
Борбордук системага чейин банктар менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү модулу киргизилет
Борбордук система ишке киргенге чейин банктар менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн өзүнчө модулун киргизүү пландалууда. Бул чара жарандардын кайрылуулары боюнча эсептерди бөгөттөө убактысын кыскартууга тийиш.
Модуль алдамчылыкка каршы реакциянын ылдамдыгын жогорулатууга багытталган, деп кошумчалады Карабаев.



















