Бишкек шаарында Улуттук гвардия түзүлгөндүгүнүн 34 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ал 20-июлда 10126 аскер бөлүгүнүн аскердик аянтчасында уюштурулду.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Башкы штабынын начальниги, Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Тариэль Отонбаев сөз сүйлөп, Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлерин алардын милдетин абийирдүү аткарып, үлгүлүү кызмат өтөп жүргөндүгү менен куттуктады.

Ошондой эле, иш-чарага мурдагы Улуттук гвардия командирлери — генерал-полковник Абдыгулов Чотбаев жана генерал-майор Асанбек Алымкожоев катышты жана куттуктоо сөздөрүн жолдоду.

Иш-чаранын алкагында Ардак күзөт роты, атайын бөлүкчөлөр жана аял аскер кызматкерлеринин көрсөтүүлөрү тартууланып, Улуттук гвардиянын аскердик оркестри дефилеси болду. Аяктагандарга аскерлердин салтанаттуу маршы уюштурулду.

Мындан тышкары, 34 жылдыкка карата спорттук мелдештер өткөрүлүп, ал мини-футбол, волейбол, АК-74 жана Макаров пистолетинен атуулар менен канат тартуу боюнча сынактарды камтыды.

Жыйынтыгында командалар арасында орундар бөлүндү

10126Биринчи орун
10128Экинчи орун
10127